www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Токиодо өтө турчу олимпиада оюндарынын катышуучуларына коронавирустун вакцинасы жете турган болсо, Эл аралык олимпиада комитети эмдөөгө кеткен каражатты өз мойнуна алат. Бул тууралуу комитеттин башчысы Томас Бах билдиргенин "Р-Спорт" басылмасы жазды.

Белгилей кетсек, буга чейин комитеттин президенти коронавируска каршы вакцина мелдеш өтө турчу убакытка даяр жана жеткиликтүү болсо, Олимпиада катышуучуларынын баары коронавируска каршы эмделе турганын айткан.

"Вакцинаны биринчи кезекте дарыгерлер, медиктер сыяктуу коомдун жашоосун кармап турган адамдар алышы керек. Эгер ошондон кийин вакцина жете турган болсо, анда комитет мелдештин катышуучуларын эмдөөгө кеткен каражатты өз мойнуна алат", — деди Бах.

Эскерте кетсек, 24-мартта Эл аралык олимпиада комитети коронавирус пандемиясынан улам жайкы Олимпиада оюндарын кийинки жылга жылдыруу боюнча чечим кабыл алган. Оюн 2021-жылдын 23-июлунан 8-августуна чейин өтүшү күтүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости