www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткен облусунда Билим күнүнө карата билим берүү мекемелеринде коомдук тартипти сактоо жана окуучулардын коопсуздугун камсыздоо үчүн милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.
Баткен ОИИБдин маалыматына караганда, облус аймагындагы мектептерде өтүп жаткан салтанаттуу иш-чаралар учурунда милиция кызматкерлери коопсуздукту көзөмөлдөп, укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу иштерин жүргүзүүдө.
Жергиликтүү милиция кызматкерлери жана облустук башкармалыктан жер-жерлерге бөлүнгөн жетекчилер атайын буйруктун негизинде мектептерге бекитилди.
Ошондой эле алыскы аймактарда милициянын көчмө кабылдамалары кызмат өтөп жатат.
Мындан тышкары, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери мектептердин алдында жана жолдордо нөөмөттө туруп, айдоочуларга жол эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
Окуучулар арасында жол кырсыктарынын алдын алуу максатында жолдо жүрүү эрежелери боюнча түшүндүрүү сабактары жана профилактикалык иш-чаралар өткөрүлдү.
Белгилей кетсек, Баткен облусунда жалпы 262 билим берүү мекемеси бар.