www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда 36 адам атылып, алардын ичинде 3 жоокер болсо, жаш балдарды кошуп эсептегенде 33 тынч жашаган жергиликтүү жашоочулар жок кылынган. 149 адам жаракат алган. Тажикстанда 16 адам курман болгон. Жаракат алгандар тактала элек. Тажиктердин огунан запкы жегендер: 107 турак-жай, 10 май куйуучу станция, 8 дүкөн, 5 мамлекеттик мекемелер, 4 соода түйүнү, 4 социалдык объекттер, 2 мектеп, бала бакча, фельдшердик-акушердик пункт. Тажикстан боюнча 14 турак жай зыян тартып, үч үй, мектеп, курулуш тармагы тең жарымынан зыян тарткан.

Элдик дипломатия күч алды

Баткенде болгон чыр-чатактардан улам запкы жегендерге гуманитардык жардам берүү максатында элдик дипломатия кызуу жанданды. Былтыр коронавирус убагында элге жардамын аябаган «Исмаил-Ата» фонду алгачкылардан кол сунду. "Ихлас" курулуш холдингинин генералдык директору Нурбек Осмонов Баткен облусунда жабыркагандарга 20 үй куруп берүүнү чечти. Жогорку Кеңешинин депутаты Урмат Самаев Баткен шаарындагы үйү өрттөнүп кеткендерге жардам кылып 1.000.000 сом бөлдү. Булардын артынан көптөгөн кыргыздар жардам берип жатышат. Алардын элди ойлоп жүргөндөрү кубандырат. Эл өзү күбө болуп, бул ирет дагы өз жардамын аяшпай Баткендеги бир туугандарга кол сунуп жаткандарга ыраазы болууда.

Бул ишке Тажикстан тарап күн мурунтан даярданганы тууралуу божомол бар. Чыр-чатак баштар алдында тажиктер башкы суу каналына КАМАЗ менен шагыл ташышып, тажик туусун илишип, видео камераларды орнотушкан. Ошол эле кезде тажик тарап өтө орундуу мезгилди тандаган. Чек араны контролдогон УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Германияга дарыланууга, Өкмөт башчысы Марипов ЕАЭКтин жыйынына кеткен. Дүйшөмбүдө ЖККУнун жыйыны болуп Коргоо министри менен Коопсуздук Кеңешинин катчысы ошол жакта болгон. Президент таяна турган кызматтагылары жок калган, Баткендин губернатору суу куйду Өмүрбек Суваналиевке ким ишенет эле? Бул ишке ЖККУ эч ким тарапта эмес, алар  чыр-чатактын болбошун көздөйт. ЖККУнун Уставы боюнча буга мүчө мамлекеттер ортосунда чыр-чатак болгондо калыс болууга тийиш.

Тажикстанга эшекти элчи кылып койсо, кез-кезде айкырып турмак, Рустенбековдон дайын жок

Эл Баткенге жардам берүү үчүн жанталашып жатканда Тажикстандагы элчибиз Жаныш Рустенбеков эмне кылып койду? От менен ойногон Акаевдин “кол жоолугу” Рустенбеков тажик-кыргыз  чатагы  тууралуу жөтөлүп койсо болмок. Жаныш Рустенбеков кыргыз элине көп эле кордук көрсөттү,бирок анын акыркы кордугу өтүп кетти.

Партократ Жаныш Рустенбеков накта трайбалист. Спикер жердеши Темирбек Кошоевге таянып 1987-жылы Бишкек шаарындагы Биринчи май райисполкомун жетектеп калат. Ошол жерге мурунтуктап жердеши Алмазбек Атамбаевди жетелеп келет. Атамбаевдин алгач саясий ишине Жаныш Рустенбеков бата берген.

Акаев жердеши президент болор партократ Жаныш Рустенбеков терисин тескери жамынат да демократка айланып Акаевдин президенттик аппаратын жетектеп, аны кол тийгис адамга айлантат. Акаевдин “аштоосунан” алыс чыкпаган Жаныш Рустенбеков “Госсекретарь” кызматы өтө жогорку элиталык мансап экенин түшүнүп, Акаевдин мамлекеттик катчысына айланат. Андан соң Султан Ибраимов иштеген Ош облусуна мен эмнеге иштей албайм деп, Ошко губернатор болуп кетет. Оштун эли Султан Ибраимовду жылуу жүз менен эскеришсе, Жаныш Рустенбековду ашынган трайбалист катары жек көрүү менен эстеп жүрүшөт. Ал аким жана башка облустук кызматкерлерге ачык эле рейдерлик менен акча салып, кызмат орундары, ал губернатор болуп турганда сатылма болуп калган. Өзбекстандын президенти Ислам Каримовду көргөндө күчүк сыяктуу көчүгүн кыйшалаңдатып, шыйпалаңдап кала турган. Менчиктештирүүдө өзбек тектүү элдин колдоруна май талкандарды салып берип, алардан жашыруун сугунуп тойгон эмес. Андан соң токой чарбасын жетектеп, парламентке депутат болуп түк тойбоду.

Акаев Москвага кире качаар менен терисин “хамалеончо” кайрадан тескери кийип Өзгөчө кырдаалдар министрин баса жыгылды. Анын министрге жараксыз экенин түшүнгөн бийлик Казакстанга элчи кылып айдап жиберген, ошондон бери элчилик кызматтан түшө элек.

Атамбаевди балакатка толоор менен саясатка сүйрөп келген Жаныш Рустенбеков андан жакшы сөз уккан жок. 2011-жылы элчиликтен келип президенттике талапкердигин коёт. Бирок акчага сараңдык кылып акча төлөбөй, Казакстандагы элчилик кызматтан жок, талаада калды.

2013-жылы Мелис Мырзакматов башында турган “Улуттар Биримдигине” кирип, аны колдоого ала баштаган. Атамбаев анын жегич кыздарын торго түшүрүп, колун салаасынан көрсөтүп койду эле, Мелис Мырзакматов башында турган “Улуттар Биримдигин” ошол замат сатып, 2014-жылы Түркмөнстанга элчи болуп кеткен. Сооронбай Жээнбеков аны Түркмөнстандын элчилигинен алып салды эле, 2018-жылдын декабрынан Мирослав Ниязовду жыга сүзүп Кыргызстандын Тажикстандагы элчисине айланган. Рустенбеков кимди сатып Тажикстанга элчи болуп кеткенин саясатчылар билет. Тажикстанга эшекти элчи кылып койсо, кез-кезде айкырып турмак, Рустенбековдон дайын жок.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости