www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Орол шаарында аттракциондогу кырсыктан сегиз бала жаракат алды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар кабарлашты.

Маалыматка караганда, аттракцион күтүүсүздөн чукул токтоп, андагы 5 -10 жаштардагы сегиз бала жерге кулап түшкөн.

Облустук саламаттыкты сактоо башкармалыгы жаракат алган балдар ооруканага жетирилгенин билдирди. Медициналык текшерүүдөн кийин алардын эч кимисинин мээси чайкалбаганы, сыныктары жок экени аныкталып, амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.

Кырсык катталган шаардык парктагы жеке менчик аянтчанын өкүлү азырынча аттракциондун эмне себептен чукул токтоп калганы белгисиз экенин кабарлады. Анын айтымында, жакында эле андагы бардык аттракциондор текшерүүдөн өткөрүлүп, эч кандай мүчүлүштүктөр аныкталган эмес.

Орол шаардык полиция департаменти бул факты боюнча «Коопсуздук талаптарына жооп бербеген кызматтарды көрсөтүү» беренеси боюнча сотко чейинки тергөө иштери башталганын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости