www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 4-майда саат 09:30га карата кыргыз-тажик чек ара тилкесинде абал туруктуу. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өткөн түндө кандайдыр бир окуя жана ок атышуулар катталган жок.

«3-майдан бери Баткен районунун Ак-Татыр айыл өкмөтүндөгү Орто-Боз айылында Коргоо министрлигинин саперлор тобу жарылбай калган снаряддарды зыянсыздандыруу иштерин жүргүзүүдө. Буга байланыштуу Баткен облусунун чек ара аймактарында жашаган кыргызстандыктардан жарылуунун үнүн укканда дүрбөлөңгө түшпөөнү суранабыз», — деп айтылат маалыматта.

Чек арачылар бүтүндөй кыргыз-тажик чек арасын кайтарууда. УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусуна жайгаштырылган бөлүктөрү жана түзүмдөрү күчөтүлгөн режимде кызмат өтөөнү улантууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости