www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткендеги чек ара тилкесинде кызмат өтөп жаткан эки чек арачынын ортосунда жаңжал чыгып, алардын бири жаракат алды.
Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына ылайык, окуя 9-июлда зым тосмолорду орнотуу иштеринин жүрүшүндө жеке пикир келишпестиктен улам болгон.
Жаңжалдан кийин аскер кызматкери С.Т. жаракат алып, Бишкектеги Улуттук госпиталдын жаак-сөөк жана бет хирургиясы бөлүмүнө жеткирилген. Дарыгерлер анын ички жаагы сынганын аныкташкан. Учурда абалы канааттандырарлык экени айтылды.
Окуя боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатат. Чек ара кызматынын маалыматына караганда, күнөөлүү кызматкерге укуктук баа берилип, материалдар Аскер прокуратурасына өткөрүлөт.