www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Украин дрондорунун Орусиядагы ири мунай иштетүүчү заводдорго жасаган чабуулдарынан кийин ондогон мунай иштетүүчү ишканалар жабыркаганы айтылып, бензин өндүрүү азайган.
Бул кырдаал Кыргызстанга терс таасирин тийгизди. Анткени Кыргызстан күйүүчү майдын 90 пайыздан ашыгын Орусиядан импорттойт. Бишкекте учурда АИ-95 жана АИ-98 бензининин тартыштыгы байкалып жатат. Баасы асмандап 100 сомго жеткени калды.
Кыргызстандын Энергетика министрлиги күйүүчү май жеткирүүнү туруктуу сактоо үчүн Орусия, Казакстан, Беларус, Азербайжан, Өзбекстан жана Түркмөнстан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.
Эксперттердин айтымында, Орусиядагы кризис узакка созулса, Кыргызстанда бензин менен дизелдин баасынын өсүшү токтобой, кымбатчылык алкымдан алган абал күчөйт. Анткени бензиндин баасы транспортко, айыл чарбасына жана жалпы товарлардын баасынын жогорулашын шарттайт.