www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Европа Биримдиги (ЕБ) Брюсселде Ооганстандагы "Талибан" кыймылынын делегациясы менен техникалык деңгээлдеги жолугушуу өткөрдү. Сүйлөшүүлөрдүн негизги темасы Ооган качкындарын кайтаруу маселеси болду.
Еврокомиссия жолугушуулар "Талибан" бийлигин расмий таанууну чагылдырбай турганын белгилеп, кеп практикалык кызматташуу жөнүндө гана болуп жатканын билдирди.
Ошол эле учурда укук коргоо уюмдары бул кадамды кескин сынга алышты. Amnesty International уюму Брюсселдеги Европа комиссиясынын имаратынын алдында нааразылык акциясын өткөрүп, мындай байланыштар талибдердин режимин мыйзамдаштырууга алып келиши мүмкүн экенин билдирди.
"Талибан" 2021-жылы Ооганстанда бийликти кайра колго алгандан кийин аялдардын укуктары кескин чектелип, өлкөдөгү адам укуктарынын абалы эл аралык коомчулук тарабынан катуу сынга алынып келет. БУУ азыркыга чейин талибдерди Ооганстандын мыйзамдуу өкмөтү катары тааныган эмес.
Ошентсе да айрым мамлекеттер, анын ичинде Кытай, Индия жана Борбор Азия өлкөлөрү Кабул менен практикалык байланыштарды сактап келишет. Эксперттердин баамында, талибдер өлкөнүн аймагын толук көзөмөлдөп тургандыктан, коопсуздук, миграция жана аймактык туруктуулук маселелерин чечүү үчүн эл аралык коомчулук алар менен диалог жүргүзүүгө аргасыз болууда.