www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстан акыркы жылдары Жуучу хандын жана Алтын Ордонун тарыхын мамлекеттүүлүгүнүн маанилүү башаты катары карап, бул багытта илимий институттарды түзүп, изилдөөлөрдү каржылоону күчөттү. Президент Касым-Жомарт Токаев Алтын Ордонун доору казак мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышында өзгөчө орун ээлерин бир нече жолу белгилеген.
Эксперттердин айтымында, Казакстан өзүн Алтын Ордонун жалгыз эмес, анын мураскорлорунун бири катары көрсөтүүгө аракет кылууда. Илимпоз Жаксылык Сабитовдун пикиринде, өлкөдө бул темага кызыгуу 2014-жылы Крымдын аннексиясынан кийин күчөп, тарыхты кайра баалоо зарылдыгы жаралган.
Ошол эле учурда Өзбекстан эгемендик алгандан бери улуттук тарыхый саясатты негизинен Аксак Темирдин дооруна таянып куруп келет. Темир өлкөнүн башкы мамлекеттик символдорунун бирине айланып, анын ысымы мамлекеттик сыйлыктарга жана коомдук жайларга берилген.
Өзбекстандык антрополог Бахтиёр Алимжанов Казакстан менен Өзбекстандын орто кылымдагы ири мамлекеттердин мурасына басым жасоосу аймакта өз ара атаандаштыкты күчөтүшү мүмкүн деген пикирде. Анын айтымында, мындай тарыхый саясат "империялык амбициянын" белгилерин да камтышы ыктымал.
Адистер белгилегендей, Советтер Союзу тарагандан кийин Борбор Азиядагы мамлекеттер улуттук иденттүүлүктү бекемдөө үчүн өз тарыхын кайра карап чыгып, орто кылымдагы мамлекеттердин жана тарыхый инсандардын мурасына көбүрөөк көңүл бура башташты.