www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткенде гранатометтун 2 снаряды табылды

Баткен облусунда мыйзамсыз сакталган ок атуучу курал менен жардыруучу зат табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Кадамжай РИИБдин кызматкерлери тарабынан жергиликтүү тургундар: 1997-жылы туулган М.Б. жана 1992-жылы туулган Т.А. 2 даана сайсыз ок атуучу куралды мыйзамсыз алып жүрүшкөндүгү аныкталган.

Соттук-баллистикалык экспертизанын корутундусуна ылайык, аталган ок атуучу куралдар 16 калибрлүү экени жана ок атууга жарактуу деп аныкталган. Бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.

Андан сырткары, 10-январда Лейлек районунун Исфана шаарында чек арачы Интернационал айылына жакын жердеги талаадан жергиликтүү тургундар снаряд таап алышканын маалымдаган.

Ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барып, текшерүү ишинин жүрүшүндө Козу-Баглан каналынын ичинен «РПГ-7В» үлгүсүндөгү гранатометтун 2 снаряды табылган.

РИИБдин кызматкерлери саперлор менен бирге снаряддарды жардырып, жок кылуу иштерин жүргүзүшкөн. Ошондой эле алар боюнча соттук-баллистикалык экспертиза дайындалды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости