www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Гамалея атындагы Эпидемиология жана микробиология боюнча улуттук изилдөө борбору "омикрон" штаммын зыянсыздандыра турган антителолорду аныктоочу тест-система иштеп чыкты. Бул тууралуу аталган борбордун башчысы Александр Гинцбургга шилтеме берип РИА Новости жазды.

"Бизде "омикрон" штаммын зыянсыздандыра турган антителолорду аныктоочу тест-система бар. Бирок азырынча биздин борбордон гана алууга болот. Өзүм буга чейин "омикрон" штаммын жугузуп алдым. Бактыга жараша, "Спутник V" вакцинасын алгандыгым үчүн катуу ооруган жокмун. Ал эми "омикрон" штаммын дал ушул тесттин жардамы менен аныктаганбыз", — деди ал.

"Омикрон" штаммы эки ай мурда Ботсвана менен Түштүк Африка Республикасынан табылган. Окумуштуулардын айтымында, анын S-белогунда ондогон мутация бар. Адистердин божомолу боюнча, штамм иммунитети начар адамдын организминде (ВИЧ менен ооруган) өнүккөн.

Дарыгерлер "омикрон" штаммын жуктургандар көбүнчө сасык тумоого кабылгандай ооруй турганын айтып, тамак жуткурбай, баш ооруп, мурун бүтөрүн белгилешкен.

Учурда бул вирус дүйнөнүн 100дөн ашык мамлекетине жайылып кетти. Кыргызстанда аны 12-январь күнү аныкташкан.

Роспотребнадзор мекемесинин башчысы Анна Попова жаңы штаммдын жугуштуулугу мурдагыларга салыштырмалуу 3-7 эсеге жогору экенин айтып чыккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости