www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен районунун Бужум айылында буга чейин изделип келген 33 жаштагы кишинин денеси өз үйүнүн ажатканасынан табылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлайт. Билдирмеге караганда, окуя болгон жерге ӨКМдин жалпы 13 куткаруучусу тартылып, маркумдун де6есин ажатканадан алып чыгып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берди.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгы 33 жаштагы Жигиталы Темирбаев буга чейин изделип келгенин маалымдады. "Жоголгон адамдын эжеси 19-октябрь күнү милицияга арыз менен кайрылып, 33 жаштагы иниси Жигиталы Темирбаев үйүнөн 17-октябрь болжол менен саат 22:30дарда чыгып кеткен бойдон кайра келбегенин айткан", — деп жазылат маалыматта.

Бул факт Баткен РИИБине "дайынсыз жоголуу" беренеси менен катталып, издөө иштери башталган. "Криминалдык милициянын тажрыйбалуу кызматкерлери ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүп, натыйжада Бужум айылынын И.М. аттуу 31 жаштагы тургуну менен анын 28 жаштагы Ж.Н. аттуу бир тууган инисин шектүү катары кармаган", — деп жазылат билдирмеде.

Шектүүлөр колго түшүрүлгөн соң, бул факт Жазык кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пунктуна ("Өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү") өзгөртүлүп, учурда тергөө иштери уланууда. Бул иш боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, кармалгандар убактылуу кармоо жайына киргизилгени айтылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости