www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2021-жылдын 22-октябрь күнү саат 09:00дөн баштап Чүй облусунун Бишкек-Ош багыты боюнча Сосновка айылынан Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашуулары аркылуу баардык оор жүк ташуучу унаа каражаттарына жана Жалал-Абад облусунун "Чычкан" постунан Ош-Бишкек, Өтмөк ашуусу, Талас-Бишкек багыттары боюнча баардык транспорт каражаттарынын кыймылына, аба ырайынын кескин өзгөрүп, кардын калың жаап, бороон болуп, унаа каражаттарынын кыймылына коркунуч жаралганына байланыштуу убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда Төө-Ашуу, Ала-Бел, Өтмөк ашууларында жана Суусамыр жолунда инерттүү материалдарды себүү жана жолдун кыймылдуу бөлүгүндө тазалоо, карды жыйноо иштери жүрүүдө. Убактылуу коюлган чектөөлөр тазалоо иштери бүткөндөн кийин калыбына келтирилет.

ИИМдин Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы унаа айдоочулар жана оор жүк ташуучу автоунаалардын айдоочуларын - муну түшүнүү менен кабыл алып, профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү учурунда жогорудагы багыт боюнча пландаштырылган кыймылын кийинкиге калтырууну жана транспорт каражаттарынын дөнгөлөктөрүн кышкыларга алмаштырууну, ашуу аркылуу жолго чыгууда керектелүүчү шаймандарды даярдап алууга чакырат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости