www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасында жума күнү эртең менен кайра атышуу башталганын билдирди. Тажик тарап 16-августта саат 06:00 чамасында Баткендеги Эки-Таш, Чыр-Дөбө, Кум-Базар жана Орто-Боз аймактарын аткылап баштаган. 

Тажик тарап саат 06:30да “Көк-Таш” чек ара бекетинин аймагын минометтон аткылады. Көп өтпөй Самаркандек жана Паскы-Арык аймактары дагы аткыланды. Саат 07:00го карата чек арада кырдаал чыңалып турат, чек арачылар күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү, деп билдирүү келди. 

-- Баткен тараптагы Жеке-Өрүк, Төрт көчө, Самаркандек, Баткен району, Чоң-Талаа, Кызы белде ок атышуу башталды. Айылдарынын жергиликтүү жарандары коопсуз жайларга көчүрүлүп жатат, балдарын мектепке жибербөөнү өтүнөбүз, - деди жергиликтүү жаран.

Эске сала кетсек, 14-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы үч жерде ар кайсы убакта ок атылган. Кыргызстандын Чек ара кызматы саат 08:10до Булак-Башыда, 14:00дө Как-Сай, 15:08де Паскы-Арык аймагында атышуу болгонун кабарлаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости