www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
16-сентябрда таңкы саат 7:00гө карата кыргыз-тажик чек арасында кырдаал курчуду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы билдирди.
«Саат 06:00дө тажик тарап КР УКМКнын Чек ара кызматынын чек ара отряддарын жана Эки-Таш, Чир-Дөбө, Кум-Кум-Таш, Мазар менен Орто-Боз аймактарында кыргыз тараптын позицияларын аткылоого киришти.
Саат 06:30да тажик тарап Баткен чек ара отрядынын Көк-Таш чек ара заставасынын жооптуу бөлүгүн миномёттон аткылай баштады.
КР УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасына жайгаштырылган бөлүмдөрү күчөтүлгөн режимде кызмат өтөшүүдө.
УКМКнын Чек ара кызматы кырдаалды турукташтыруу жана чыр-чатактын күчөшүнө жол бербөө үчүн бардык аракеттерди көрүп жатат”, - деп айтылат маалыматта.
Булак: NazarNews.kg