www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткен облусунун прокуратурасы укук коргоо, фискалдык жана башка мамлекеттик органдардын, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Координациялык кеңештин кезектеги жыйынын өткөрдү.
Жыйындын жүрүшүндө аймактагы коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу, жер-укуктук мамилелер чөйрөсүндөгү мыйзам бузууларды аныктоо, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана түзүлгөн комиссиялардын ишине мыйзамсыз кийлигишүүгө бөгөт коюу маселелери каралды. Жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмалар берилди.
Мындан тышкары, прокуратура тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024–2028-жылдарга санариптик трансформациялоо концепциясын ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык ыкчам кеңешме өткөрүлдү.
Кеңешмеде экономикалык контрабанданын мамлекетке тийгизген зыяны, киберкылмыштардын көбөйүү себептери талданып, алардын алдын алуу иштерин күчөтүү, заманбап санариптик технологияларды колдонуу, маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин кесипкөйлүгүн жогорулатуу боюнча милдеттер коюлду.