www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчиси Султан Макилов соттолуучу Камчыбек Ташиевдин тергөө учурунда тартылган видеосунун социалдык тармактарга тарашы боюнча түшүндүрмө берди.
Анын айтымында, "75 аксакалдын" кылмыш иши боюнча соттук териштирүү башында жабык режимде өтүп, бул чечим тергөөнүн кызыкчылыктарын камсыздоо жана күбөлөрдүн коопсуздугун сактоо максатында кабыл алынган.
Кийинчерээк соттолуучулар, анын ичинде Камчыбек Ташиев, Нурланбек Шакиев жана Курманкул Зулушев сот процессин ачык өткөрүү өтүнүчү менен кайрылышкан. Алгач бул өтүнүч канааттандырылган эмес.
Бирок кийинки сот отурумдарында кайрадан берилген өтүнүчтөрдүн негизинде сот ишти ачык кароо чечимин кабыл алган.
Макиловдун айтымында, ушундан кийин ишке байланышкан маалыматтар ачык мүнөзгө өтүп, соттук процесске коомчулуктун катышуусуна мүмкүнчүлүк түзүлгөн.
Ошондой эле ал тергөө маалында тартылган видеолордун социалдык тармактарга тарашын атайын уюштурулган же саясий максатты көздөгөн аракет катары кароого негиз жок экенин белгиледи.
«Тергөө учурунда тергөөчүнүн чечими менен видео материалдар тартылат. Бирок алардын кайдан жана кандайча тарап кеткенин билбейм», — деди Макилов.
Эске салсак, социалдык тармактарда тараган видеодо Камчыбек Ташиев камакка алынган учурда анын жердештери жол тосуп, баш аламандык болушу мүмкүн экенин айтып жатканын угууга болот.