www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 16-июнунда Ысык-Көл ОИИБдин Туристтик-экологиялык милиция кызматынын кызматкерлери Чолпон-Ата шаарынын көл жээгинде рейд өткөрүп, эс алуучулар жана балык уулоочулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Ошондой эле балык уулоонун мыйзамдуулугу текшерилди.
Текшерүү маалында Бишкек шаарынын 1972-жылы туулган тургуну О.М. балык уулоого уруксат берүүчү документтерин көрсөтүүдөн баш тартып, милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талабына баш ийген эмес.
Маалыматка ылайык, ал узак убакыт көл ичинде болуп, жээкке чыга электе онлайн тартипте балык уулоого уруксат берүүчү документ сатып алган. Андан кийин гана жээкке чыккан.
Текшерүүнүн жүрүшүндө уруксат кагазынын алынган убактысы менен жаран кармаган 78 даана чабак балыктын кармалган убактысы дал келбегени аныкталган.
Бул факт Ысык-Көл РИИБдин Маалыматтарды электрондук журналына катталып, далил зат катары алынган балыктар мамлекетке келтирилген зыяндын өлчөмүн аныктоо үчүн тиешелүү кызматтарга өткөрүлүп берилди.
Учурда бул окуя боюнча текшерүү иштери уланууда.