www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көлдүн Тамчы айылындагы Асман шаарынын курулуш объектисинде иштеген 27 жаштагы котормочу кыз Кытай жараны тарабынан сабалганын социалдык тармакта билдирип, коомчулукка кайрылды.
Анын айтымында, окуя 15-июнда, аталган курулуш объекттин аймагында болгон.
Жабырлануучунун билдирүүсүнө ылайык, ал жакта иштеген Кытай жарандардын бири алгач ага тынымсыз көңүл буруп, байланышууга аракет кылып келген. Кыз анын сунуштарын четке каккандан кийин, аталган адам тараптан басым көрсөтүү, кемсинтүү жана агрессивдүү мамиле башталган.
15-июнда аталган кызматкер алгач анын бетине атайылап түкүргөн. Андан соң жаңжал күчөп, кызга карата физикалык күч колдонулган. Ал башына жана денесине сокку жегенин, жерге жыгылгандан кийин дагы сабалып, тепкиленгенин билдирген.
Окуядан кийин милиция чакырылып, соттук-медициналык экспертиза жабырлануучунун денесиндеги жаракаттарды каттаган. Бирок кыздын айтымында, шектүү кармалганы менен көп өтпөй бошотулуп, учурда өзү жашап жана иштеп жаткан аймакта бейкапар жүрөт.
Жабырлануучу мындай жагдай анын коопсуздугуна түздөн-түз коркунуч жаратып жатканын белгилеп, укук коргоо органдарынан жана тиешелүү мекемелерден коргоо чараларын көрүүнү өтүнгөн.
Ошондой эле ал окуя боюнча видео далилдер бар экенин билдирип, иш «ден соолукка жеңил зыян келтирүү» катары бааланып калбашы үчүн юридикалык жардам сурады.
Азырынча тиешелүү органдардын аталган окуя боюнча маалымат бериле элек.
