www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көл акваториясында 800 м синтетикалык торлор жана таштандылар чыгарылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ысык-Көл районунун Григорьевка, Кожояр, Семеновка жана Ананьево айыл аймактарында кезектеги рейддик иш-чаралар жүргүзүлгөн.
Анын жүрүшүндө Ысык-Көлдүн акваториясында мыйзамсыз коюлган жалпы узундугу 800 метрди түзгөн синтетикалык торлор аныкталып, алынып тазаланды. Мындан тышкары, көлдүн жээгинен жана суунун ичинен 20 килограммга жакын таштанды чыгарылган.
Аталган иш-чаранын негизги максаты — көлдүн экологиялык абалын сактоо, балык ресурстарын коргоо жана браконьерликке каршы күрөштү күчөтүү болуп саналат.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жарандарды жаратылышты коргоого, мыйзамсыз балык уулоого жол бербөөгө жана экологиялык мыйзамдарды так сактоого чакырат. Мыйзам бузуулар аныкталган учурда тиешелүү чаралар көрүлүп, айып пулдар салынат.