www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзгөндө адам өлтүрүүгө шектүү жаран кылмыштын изи сууй электе кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 5-июнь күнү саат 23:30 чамасында, Өзгөн РИИБге 2004-жылы туулган Э.С. аттуу жаран денесинен алган жараатынан улам каза болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн.
Текшерүүнун жүрүшүндө, ушул эле күнү 2003-жылы туулган Т.Р. жана маркум Э.С. аттуу жарандар (классташтар) жолугушуп, сүйлөшүп турган учурда экөөнүн ортосунда пикир келишпестик жаралып, сөз талаша кетишкен. Ошол маалда Т.Р. колундагы учтуу нерсе менен күтүүсүздөн Э.С.нын көкүрөк тушуна 2 жолу сайып, окуя болгон жерден качып кеткен. Натыйжада Э.С. ооруканага жетпей каза болгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чаралардын натйжасында кылмышка шектүү катары 2003-жылы туулган Т.Р. аттуу жаран кылмыштын изи сууй электе кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары уланууда.