www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Аргентинанын чабуулчусу жана капитаны Лионель Месси Алжирге каршы беттеште гол киргизип, Дүйнөлүк чемпионаттын тарыхындагы эң мыкты үч гол киргизүүчүнүн катарына кошулду. Беттеш Канзас-Ситиде өтүп жатат.
Аргентиналык чабуулчу оюндун 17-мүнөтүндө гол киргизди. Бул гол анын бардык Дүйнөлүк чемпионаттардагы 14-голу болду. Месси германиялык Герд Мюллер жана франциялык Килиан Мбаппе менен теңдешти. Рейтингдин лидерлери бразилиялык Роналду (15 гол) жана германиялык Мирослав Клозе (16) бойдон калууда.
Чабуулчу 2023-жылдан бери Американын "Интер Майами" клубунда ойноп келет. Буга чейин ал "Пари Сен-Жермен" жана "Барселонанын" намысын коргогон. Каталондук клуб менен чабуулчу Чемпиондор Лигасын төрт жолу, ошондой эле УЕФАнын Суперкубогун жана ФИФАнын клубдук дүйнө чемпионатын үч жолу жеңип алган.