www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен облусундагы Баткен шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо дана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын жыйыны болду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларын Кыргызстандын вице-премьер-министри Акрам Мадумаров жана Тажикстандын вице-премьер-министри Азим Иброхим жетектейт. 

Жолугушууга ошондой эле аймактык күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, Баткен жана Согди облустарынын башчылары катышты. 

Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров тажикстандык кесиптеши жана Тажикстандын делегациясынын өкүлдөрү менен учурашып, чек ара маселелерин чечүү боюнча мындай жолугушуулардын жана биргеликте жургүзүлгөн иштердин маанилүүлүгүн белгиледи. 

«Күнөстүү кыргыз жергесинен сиздерге салам айтам. Байыртадан эле кыргыз жана тажик элдери жанаша жашап, оор учурда бири-бирине жардам берип келген. Учурда күн тартибинде турган маселелер элдин жыргалчылыгы, эки мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн жакынкы арада чечилет деп ишенебиз», - деди Акрам Мадумаров.

Өз кезегинде Тажикстандын вице-премьер-министри Азим Иброхим кесиптешин жооптуу кызматка дайындалышы менен куттуктады. Ал ошондой эле кыргыз тарап менен маселелер өз ара түшүнүшүү жана жылуу коңшулук маанайда чечилерине үмүт артарын билдирди. 

Жыйында өкмөттүк делегациялардын мамлекеттик чек аранын долбоордук чиймеси боюнча  мындан аркы иштери, ошондой эле чек ара коопсуздугун жана кызматташтыгын бекемдөө тууралуу маселелер талкууланды. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости