www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматкерлери малды мамлекеттик чек ара аркылуу мыйзамсыз алып өтүү аракетине бөгөт коюшту.

Мекеменин маалыматы боюнча, 28-майда Лейлек чек ара отрядынын жоокерлери «Талпак» аймагынан чек араны көздөй айдалып бара жаткан 31 баш майда жандык табышкан. Жаныбарлар чек ара сызыгынан болжол менен 150 метр аралыкта болгон.

Чек арачыларды байкаган эки белгисиз адам малдарды таштап, окуя болгон жерден качып кетишкен. Жаныбарлар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

Учурда малдын ээлерин аныктоо жана окуянын бардык жагдайларын тактоо боюнча иш-чаралар жүрүп жатат.

Последние новости