www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаарында коопсуздук эрежелерин сактабаган компанияга 200 000 сом айып пул салынды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Текшерүү иштеринин алкагында Ош шаарынын Алымбек Датка көчөсү, 164 дарегинде салынып жаткан көп кабаттуу турак жайдын монолиттик бетон иштерин жүргүзүүдө техникалык коопсуздук эрежелери талаптагыдай сакталбагандыгы аныкталды. Аталган мыйзам бузуулар курулуш аянтчасындагы жумушчулардын коопсуздугуна жана объекттеги иштердин коопсуз жүргүзүлүшүнө түздөн-түз коркунуч жаратат.
Натыйжада, курулуш иштерин жүргүзүп жаткан "Аманат Сити” ЖЧКсына Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 144-беренесинин негизинде 200 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Ошондой эле аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча тиешелүү көрсөтмөлөр берилди.
Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти курулуш иштерин жүргүзгөн бардык субъекттерди техникалык коопсуздук талаптарын так сактоого чакырат жана белгиленген эрежелерди бузуу мыйзам чегинде жоопкерчиликке алып келерин эскертет.