www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кадамжайда мыйзамсыз миграцияны уюштурган чет өлкөнүн жараны кармалды. Бул тууралууу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагында жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын негизинде Өзбекстандын 36 жаштагы И.Г. аттуу жараны мамлекеттик чек араны мыйзамсыз бузуп кирип, нан бышыруучу жайда эмгектенип жаткандыгы аныкталды.
Бул факты Кадамжай РИИБинин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренеси (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.
Тергөө иштеринин алкагында, кармалган жаранды Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз алып келип, иштетип жаткан Өзбекстандын 39 жаштагы У.О. аттуу жараны экендиги аныкталып, Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси (Мыйзамсыз миграцияны, мигранттарды мыйзамсыз алып келүүнү (алып чыгууну) уюштуруу) беренеси менен кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүш иши ачылды.
Учурда кармалган эки жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.
Булак: NazarNews.kg