www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Азербайжандын куралдуу күчтөрү 6-августта Кутакан жана Третук аймактарындагы чек арада жайгашкан армяндардын позицияларын аткылашты. Бул тууралуу 7-августта Армениянын Коргоо министрлиги расмий сайтында билдирди.
«6-августта саат 20:30дан 21:00гө чейин Азербайжандын Куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрү Кутакан жана Третук аймактарында жайгашкан армяндардын позицияларын аткылашты», — деп жазат агенттик.
Министрлик ошондой эле аткылоо ар кандай калибрдеги аткычтардын ошондой эле, минометтордун жардамы менен жүргүзүлгөнүн кошумчалады.
Армения менен Азербайжандын мамилеси 1988-жылы Тоолуу Карабакка ээлик кылуу боюнча талаш-тартыштар башталып, андан кийин Азербайжан ССРинин курамынан чыкканын жарыялаганда курчуган. 1992-1994-жылдардагы аскерий кагылыш учурунда Баку Карабакты көзөмөлдөбөй калган.
2020-жылдын сентябрында Баку согуштук аракеттердин жыйынтыгында бир катар калктуу конуштарды өз көзөмөлүнө алган. Ошол эле жылдын ноябрь айында Армения менен Азербайжан Россия Федерациясынын катышуусу менен Тоолуу Карабакта согуштук аракеттерди токтотуу жөнүндө келишимге кол коюшкан.
Бирок Армения-Азербайжан чек арасындагы кырдаал тынымсыз курчуп турган. 2022-жылдын күзүндө Ереван менен Баку бири-бирин эскалациялоо үчүн айыптап, ошондой эле эки тараптан тең адам өлүмү катталганын кабарлашкан.
Булак: NazarNews.kg