www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусия менен Түркиянын президенттери Владимир Путин менен Режеп Тайып Эрдоган дан келишимин, эки тараптуу мамилелерди, Баку менен Ереван ортосундагы алакаларды, ошондой эле Сирия маселесин август айына пландалган сүйлөшүүлөрдө талкуулашарын дүйшөмбүдө Hürriyet гезити өз булактарына таянып жазганын РИА Новости билдирди.
Биринчи орунда «дан коридору». Президент Эрдоган орус дан эгиндерин Түркияда кайра иштетип, Африканын жакыр өлкөлөрүнө жөнөтүүнү сунуштады. Путин «дан коридорунун» алкагында тиешелүү ишарат жасайт деп күтүлүүдө», - деп жазат гезит.
Гезиттин маалыматына караганда, лидерлер андан сырткары эки өлкөнүн соода алакасын, Түркия, Азербайжан жана Армениянын карым-катнаштары, ошондой эле Сирия маселесин талкуулашат.
Ал эми орус лидеринин басма сөз катчысы Дмитрий Песков буга чейин кабарлагандай, Путин менен Эрдоган жолугушуунун ордун жана убактысын мүмкүн болушунча тезирээк аныктоону макулдашкан. Анын айтымында, эки лидердин алдыдагы сүйлөшүүлөрүнүн күн тартибинде эки тараптуу мамилелер, Украина жана дан келишими маселеси бар.
Булак: NazarNews.kg