www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандык спортчу Жоламан Шаршенбеков Сербияда өткөн эл аралык турнирдин жеңүүчүсү болду.

Шаршенбеков 60 килограммга чейинки салмак категориясында чыгып, анда жалпысынан 7 спортчу эки топко бөлүнгөн. Тайпалык баскычта кыргызстандык Венгрия жана Кытайдын спортчуларын жеңип, биринчи орундан жарым финалга чыкты. 

Шаршенбеков 1/2 финалдык беттеште Динислам Бамматовду 11:2 эсебинде жеңсе, финалда венгриялык Эрик Торбаны 8:0 эсебинде жеңди.

Белгилей кетсек, Ljubomir Ivanovic Gedza Memorial турнири 5-августта Белградда 8 өлкөнүн спортчуларынын катышуусунда өттү.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости