www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткенде миңдеген адамдар үйлөрүнө кайта элек

Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта коопсуз жакка качып чыгууга аргасыз болгон 3781 адам үйүнө кайта элек. Баткен облустук администрациясынан маалымдашкандай, булар учурда туугандарынын үйүндө убактылуу баш калкалап турат. Алардын дээрлик баарынын турак жайлары талкаланып, жашоого жараксыз болуп калган. Курулуш иштери аягына чыга элек.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы соңку куралдуу кагылышта кыргыз айылдарынан 661 турак жай өрттөлүп, талкаланган. Анын 423ү жашоого жараксыз, 238 үй оңдоп-түзөөдөн өтүүгө тийиш экени кабарланган.

Чек ара чырында үйү өрттөлгөн жашоочулар курулуш иштери жай жүрүп жатканына нааразылыгын билдирип келет. Бул маселе Баткенге иш сапары менен барган Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиев менен жолугушууда да көтөрүлгөн.

Андан мурдараак кыйраган үйлөрдү калыбына келтирүү иштери солгун жүрүп жатканы тууралуу өкмөттүн дарегине да сын айтылган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости