www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын Аскер-деңиз флотунун "Chancellorsville" ракеталык крейсери Кытай өкмөтүнүн уруксатысыз Нанша аралдарына жакын Түштүк Кытай деңизиндеги Кытайдын аймактык сууларына кирди. Бул үчүн америкалык аскерлерди Кытайдын Элдик боштондук армиясынын согуштук командачылыгынын түштүк аймагынын расмий өкүлү Тянь Цзюньли айыптады.
«АКШ аскерлеринин аракеттери Кытайдын эгемендигин жана коопсуздугун олуттуу түрдө бузган. Деңиз чек араларынын бузулушу АКШнын навигациялык гегемонияга жана Түштүк Кытай деңизин милитаризациялоого умтулгандыгынын дагы бир четке кагылгыс далили», - деп айтылат Тянь Цзюнли билдирүүсүндө.
Ал белгилегендей, Кытайдын Элдик боштондук армиясынын күчтөрү крейсерди Кытайдын сууларынын чегинен тышкары алып кете алышкан.
Булак: NazarNews.kg