www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен шаарында ишин оң жагына чечтирүү үчүн милицияга пара берген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Баткен облусунда жүргүзүлүп жаткан “Транзит” иш-чарасынын алкагында 2026-жылдын 8-апрель күнү Баткен ОИИБдин Бангизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерине пара берүү фактысы катталды.

Тактап айтканда, аткезчилик фактысы боюнча катталган тергөөгө чейинки текшерүү ишин жаап, маселесин оң жагына чечип берүү максатында Лейлек районунун тургуну 200 000 (эки жүз миң) сом акчаны пара катары берип жаткан жеринен кармалган.

Шектүү катары Лейлек районунун Раззаков шаарынын 1996-жылы туулган М.К. аттуу жараны КР ИИМдин Ички иликтөө кызматынын Баткен облусу боюнча бөлүмчөсүнүн, Бангизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери жана Баткен ОИИБдин Тергөө кызматы тарабынан кармалды.

Учурда бул факт боюнча тиешелүү тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

 

Последние новости