www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңеште Илимбек Кубанычбеков деген аты-жыты анчейин белгисиз бирөө бар экен. Өңү кыргыз, тили кыргыз. Бирок бул кыраан мамлекеттин тилине анчейин күйбөй турганынын айгинеледи.
Дегенибиз, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Жумабеков кечээ парламентте Улуттук банк тарабынан сунушталып жатканы мыйзам долбооруна кыргыздын жакшынакай өнөктөштүк, шериктештик деген сөздөрүнүн ордуна арабдын тилиң сынган “Шарика”, “Мушарака” деген бөтөн тилдеги тантыраган келегей сөздөрдү киргизип жатканына түшүндүрмө талап кылды.
Анан мыйзам демилгеличелиринин бири болгон депутат Илимбек Кубанычбеков “кийинки окууга кыргыз тилиндеги түшүндүрмөсүн кашанын ичине жазып алып келебиз” деп “дөөрүдү”.
Эми бул дегендик, мамлекеттик тилге болгон кыянаттык. Негизи ислам динине мүнөздүү болгон арабдардын “Шарика”, “Мушарака” деген түшүнүксүз тантыраган сөздөрүн эл аралык термин деген чапанга ороп, мыйзамга чейин тымызын тыгып жатканы чыккынчылыкка тете иш. Мындай оркоюп көрүнүп турган мамлекеттик тилге жасалып жаткан диверсияга жол берилбеши керек. Андыктан “Шарика”, “Мушарака” деген тантырак сөздөр мыйзамдан алынып салынышы милдет.
Өзүбүздүн жакшынакай “өнөктөштүк, шериктештик” деген сөздү жээрип, келесоо болгон кимге зарыл? Эми банк менен өнөктөш болуп ишкерлик жүргүзүш үчүн сөзсүз “Шарика”, “Мушарака” деп тантырашыбыз керекпи?..
Депутаттын кыргыз тилине, улутка болгон урмат-сыйы болсо, “сабатсыз, караңгы” түшүнүгүнө салып, мамлекеттик тилди жээрип, тамырына балта чапкан көрүнүшкө жол берип жатканы үчүн бүтүндөй кыргыз элинен кечирим сурашы парз.
Депутат Илимбек мырза, намыс болсо, ар болсо, атыңа затың жарашкан иш алып барышың милдет. Дегенибиз, “кыргызча түшүндүрмөсүн кашага алып жазып келебиз” дегендин өзү улутка, тилге болгон кыянаттык, душмандык. Башкача айтуу мүмкүн эмес.
Эгер башка тилден кирген сөздөрдүн маанисин түшүндүргөн сөздөр жок болсо бир жөн. Сопсонун “өнөктөштүк, шериктештик” деген сөздөр турса, келегей тилди сындырган тантыраган сөздөрдү мыйзамга киргизгендин кандай зарылдыгы бар?
Образдуу айтсак, атыңа затың коошпой жатат, Сизди “Шарика-Мушарика” дейли, түшүндүрмөсүн кашага жазып беребиз десе сизге жакшы угулабы?