www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Колумбиянын өкмөтү өлкөнүн батышында болгон 7,4 магнитудадагы күчтүү жер титирөөдөн кийин улуттук деңгээлдеги өзгөчө кырдаал режимин киргизди. Бул тууралуу El País басылмасы жазды.
Алдын ала маалыматтар боюнча, табигый кырсыктын кесепетинен 80ден ашуун адам каза болду. Перейра шаарынын мэри Маурисио Саласардын билдирүүсүнө ылайык, курман болгондордун дээрлик жарымы ушул шаардык агломерацияга туура келет.
Күчтүү жер титирөө Валье-дель-Каука департаментинин борбору Кали шаарында да ири кыйроолорду жаратты. Шаар мэри Алехандро Эдер кеминде 30 имарат урап түшкөнүн билдирип, урандылардын алдында адамдар болушу мүмкүн экенин айтты.
Өз кезегинде Валье-дель-Каука департаментинин губернатору Дилиан Франсиско Торо аймакта, Кали шаарын эсепке албаганда, 25 адамдын каза болгонун маалымдады.
Жер титирөө жергиликтүү убакыт боюнча саат 07:34тө (Бишкек убактысы боюнча 18:34) катталган. Кырсыктын кесепетинен жети аэропорттун иши убактылуу токтотулду. Алардын арасында Кали, Перейра, Манисалес, Кибдо, Армения, Картаго жана Буэнавентура шаарларынын аэропорттору бар.
Бийлик өкүлдөрү издөө-куткаруу иштерин улантып, жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн кошумча күчтөрдү жана ресурстарды тартууда.