www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россияда Украинадагы согушка жаңы аскер тартуу барган сайын кыйындап жатканы айтылууда. Ушуга байланыштуу сентябрдагы Мамлекеттик Думадагы шайлоодон кийин жаңы мобилизация жарыяланышы мүмкүн деген кооптонуу күчөгөнүн Financial Times басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, 2026-жылдын биринчи жарымында армияга 200 миңдей адам тартылган. Ал эми бийлик жергиликтүү органдарга жыл ичинде 409 миң жаңы аскер тартуу тапшырмасын койгон.

Айрым жаңы келишим түзгөн аскерлерге 4,5 млн рублга чейин төлөм сунушталууда. Ошол эле учурда айрым аймактарда жарандарды көчөдөн жана жумуш орундарынан кармап, аскер комиссариаттарына жеткирип, келишим түзүүгө мажбурлоо фактылары айтылууда.

Хабаровскиде былтыр 2 500 адам менен аскерге тартуу боюнча сүйлөшүү жүргүзүлүп, алардын ичинен болгону 32си келишимге кол койгон.

Расмий түрдө Россияда жаңы мобилизация боюнча чечим кабыл алына элек. Мурдагы президент Дмитрий Медведев мындай маалыматтарды «болбогон кеп» деп атаган.

Последние новости