www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ноокат районунда оор жүк ташуучу унаанын айдоочусуна карата жасалган бейбаштык фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 26-июлда Жаңы-Базар айылынын аймагында болгон. Көмүр ташып бара жаткан айдоочунун унаасын белгисиз адамдар токтотуп, айыл аймагынан жүк ташуучу унаалар өтпөшү керектигин талап кылышкан. Андан соң айдоочуга карата бейбаштык аракеттер жасалган.

Окуя тууралуу видео 7-августта социалдык тармактарга тараган. Милициянын ыкчам-издөө иштеринин жүрүшүндө окуяга тиешеси бар үч жаран аныкталып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси («Бейбаштык») менен кылмыш иши козголуп, жабырлануучуга соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Учурда тергөө иштери уланууда.

Последние новости