www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кумтөр» боюнча коомдук талкуу кайрадан күчөп жаткан учур. Садыр Жапаров бийликке келген учурда "Кумтөрдү" башкарган Теңиз Бөлтүрүк социалдык тармактагы билдирүүсүндө бийликти, өзгөчө мурдагы Кабмин төрагасы Акылбек Жапаровду катуу сынга алды.

Анын айтымында, «Кумтөрдү» мамлекетке кайтаруу жараянында чоң тобокелчиликтер болгон, ал эми кийин өзү кызматтан четтетилип, камакка алынганын белгилеп, кендин каражаты, дивиденд иштерине байланыштуу бир катар олуттуу суроолор бар экенин айтып, бул маселелер боюнча жоопкерчилик болушу керектигин билдирди.

Билдирүүдө Акылбек Жапаровдун аты бир нече ирет аталып, автор аны «Кумтөр» боюнча чечимдерден кийин да жоопкерчиликтен сыртта калган фигура катары сындаган.

Ал өз сөзүндө: "Эгерде купуя жарлык менен Акылбек Жапаровго «Баатырды» акырын берип коюшкан болсо, мен таптакыр таң калбайм. Ал муну ушунчалык каалабады беле! Ал күн сайын менин артымдан чуркап,  «Тенгиз, Садырга эсине салчы, ал экөөбүзгө тең убада бербеди беле!» — деп жалынып жүрчү, - деп айтты. 

Автор мындан ары «Кумтөргө» байланыштуу мурда ачык айтылбаган документтер жана маалыматтар бар экенин билдирип, аларды жарыялоого ишара кылды.

Арийне, негизи Акылбек Жапаровдун ар дайым чырлуу, былык жерлерден төбөсү көрүнөт. Бирок суудан кургак чыгып, жоопкерчиликке тартылбайт.

Последние новости