www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Германия маанилүү инфраструктуралык объектилерди дрондордун чабуулунан коргоону күчөтөт. Бул тууралуу «Bild» басылмасы жазды.
Германиянын ички иштер министри Александер Добриндт дрондорго каршы федералдык полициянын атайын бөлүмүн кеңейтүү пландалып жатканын билдирген.
Маалыматка ылайык, бөлүмдөгү кызматкерлердин саны 150дөн 300гө чейин көбөйтүлүп, операциялык базалардын саны 4төн 8ге чыгарылат.
Жаңы базалар аэропорттор, аскердик объектилер жана маанилүү логистикалык борборлор сыяктуу стратегиялык жайлардагы дрон коркунучтарына ыкчам жооп берүүгө багытталат.