www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын Казань шаарындагы Башкы консулдугу 10-августта Татарстандын Нижнекамск шаарындагы объектилерге жасалган дрон чабуулунан өлкөнүн жети жараны каза болгонун тастыктады.

Маалыматка ылайык, каза болгондордун жакындарына көңүл айтылып, дипломатиялык өкүлчүлүк окуяны көзөмөлгө алды. Ошондой эле жергиликтүү тиешелүү органдар жана тергөө түзүмдөрү менен байланыш түзүлдү.

Соттук-медициналык экспертиза жана зарыл болгон расмий процедуралар аяктагандан кийин каза болгондордун сөөгү Өзбекстанга жеткирилери маалымдалды.

Татарстандын башчысынын басма сөз кызматынын акыркы маалыматына караганда, дрон чабуулунан жалпысынан 13 адам каза болуп, 75 адам медициналык жардамга кайрылган. Алардын 21и ооруканага жаткырылган.

Татарстанда 10-августта каза болгондорго байланыштуу аза күтүү күнү жарыяланды.

Последние новости