www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) кызматкерлери алдыңкы айнегине белгиленген талаптарды бузуу менен караңгылатуу жасалган Chevrolet үлгүсүндөгү унааны токтотушкан.
Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда айдоочу унаа менен кетүүгө аракет кылган. Бирок кызматкерлер унааны кайра токтотуп, тиешелүү текшерүү жүргүзүшкөн.
Мындан тышкары, айдоочу маселени ошол жерден чечүүгө аракет кылып, кызматкерге уюлдук телефонун берген. Кызматкер бул аракетке жол бербей, мыйзам талаптарына ылайык укук бузуу жөнүндө протокол түзгөн.
ЖКККББ жол кыймылынын бардык катышуучуларын мыйзам талаптарын так сактоого чакырды. Мекеме жоопкерчиликтен качууга же маселени мыйзамда каралбаган жол менен чечүүгө аракет кылууга жол берилбей турганын эскертти.
Сак болуңуз: жолдогу тартип — коопсуздуктун кепилдиги.