www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 10-августта Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Кыргызстандын жана Өзбекстандын жаш парламентарийлеринин II форумуна катышты.
«Жаштар – жалпы прогресске жана тынчтыкка карай жолдо!» деген ураандын алдында өткөн иш-чарага эки өлкөнүн депутаттары, жаштар, эксперттер жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Форумда сөз сүйлөгөн Марлен Маматалиев кыргыз-өзбек элдеринин тарыхый, маданий жана руханий жакындыгына токтолду. Анын айтымында, акыркы жылдары эки мамлекеттин башчыларынын саясий эркинин негизинде кыргыз-өзбек мамилелери сапаттык жактан жаңы деңгээлге чыкты.
Төрага парламенттер аралык байланыштар да активдүү өнүгүп, эки тараптуу кызматташтыктын маанилүү багытына айланганын белгиледи.
«Биздин милдет – жетишкендиктерди жаш муунга өткөрүп берүү, достукту конкреттүү иштер жана биргелешкен демилгелер менен бекемдөө», – деди Маматалиев.
Ошондой эле ал жаш парламентарийлердин кызматташтыгын бир жолку иш-чаралар менен чектебестен, туруктуу негизде улантуу зарылдыгын белгиледи.
Форумдун жүрүшүндө жаштардын коомдук-саясий процесстердеги ролун жогорулатуу, эки өлкөнүн жаш парламентарийлеринин кызматташтыгын кеңейтүү жана биргелешкен демилгелерди колдоо маселелери талкууланды.
Иш-чаранын жыйынтыгында тараптар жаш парламентарийлердин ортосунда туруктуу диалогду улантуунун жана тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгүн белгилешти.