www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда профсоюз мүчөлөрү үчүн жаңы «Элкарт+» төлөм жана дисконттук картасы чыгарылат.
Бул тууралуу бүгүн, 10-августта Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясы, «Элкарт» улуттук төлөм системасы жана BAKAI ортосунда кызматташуу боюнча үч тараптуу келишимге кол коюлгандан кийин белгилүү болду.
Долбоордун негизги максаты — кызматкерлерге көрсөтүлүүчү социалдык колдоону заманбап, жеткиликтүү жана ыңгайлуу форматка өткөрүү.
«Элкарт+» картасы төлөм картасы, профсоюздук мүчөлүк күбөлүк жана лоялдуулук картасынын мүмкүнчүлүктөрүн бириктирет. Анын ээлери өлкө боюнча товарларга жана кызматтарга төлөм жүргүзүү менен катар атайын арзандатуулардан жана сунуштардан пайдалана алышат.
Картаны төмөнкү багыттарда колдонуу мүмкүнчүлүгү каралган:
медициналык кызматтар жана ден соолукка байланыштуу товарлар;
балдар товарлары жана билим берүү кызматтары;
ресторандар, кафелер жана коомдук тамактануу жайлары;
мейманканалар, эс алуу жана туристтик кызматтар;
авиабилеттер жана жүргүнчүлөрдү ташуу;
сулуулук салондору жана жеке кам көрүү кызматтары.
Долбоордун биринчи этабында учурда колдонулуп жаткан профсоюздук дисконттук карталарды алмаштыруу үчүн 30 миң даана «Элкарт+» картасы чыгарылат. Кийин долбоор этап-этабы менен кеңейтилип, Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын 347 560 мүчөсүн камтыйт.
Алар өлкө боюнча 6 037 баштапкы профсоюздук уюмга бириккен.
Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын маалыматына ылайык, уюм билим берүү, саламаттык сактоо, мамлекеттик кызмат, энергетика, курулуш, өнөр жай, транспорт, айыл чарба жана соода сыяктуу экономиканын 16 тармагындагы кызматкерлердин кызыкчылыгын коргойт.
«Элкарт+» картасы аркылуу товарларга жана кызматтарга накталай эмес төлөм жүргүзүүгө, акча которууларды кабыл алууга жана санариптик банктык кызматтарды пайдаланууга да болот.
Өнөктөштөрдүн айтымында, долбоор накталай эмес эсептешүүлөрдү өнүктүрүүгө, финансылык кызматтарды санариптештирүүгө жана профсоюз мүчөлөрү үчүн кошумча социалдык артыкчылыктарды түзүүгө багытталган.