www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен облусунун Кызыл-Кыя жана Кадамжай шаардык-райондук ички иштер бөлүмдөрүндө кызматкерлердин кесиптик даярдыгын жогорулатууга багытталган окуу сабагы өттү.

Иш-чаранын алкагында милиция кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексиндеги коррупциялык кылмыштарга байланыштуу беренелер түшүндүрүлдү.

Ошондой эле кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, паракорчулук жана кызматтык шалаакылык сыяктуу мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча маалымат берилди.

Окуу учурунда ИИМдин кызматтык этика кодексинин талаптарына өзгөчө көңүл бурулуп, жарандар менен мыйзам чегинде, сылык жана кесипкөй мамиле түзүү, кызматтык тартипти сактоо маселелери талкууланды.

Мындан тышкары, кызматкерлерге атайын каражаттарды колдонуу эрежелери боюнча теориялык жана практикалык түшүндүрмөлөр берилип, алардын укуктук билимин жана кесиптик даярдыгын жогорулатуу боюнча сунуштар айтылды.

Иш-чара Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлеринин кесиптик деңгээлин жогорулатуу жана коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу максатында уюштурулду.

Последние новости