www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте Кыргызстандын Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин жетекчиси Равшанбек Сабиров менен Xinhua Panfeng Holdings Hong Kong Limited компаниясынын өкүлдөрү жолугушту.
Жолугушууда Кыргызстан менен Гонконгдун ортосундагы инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой эле өлкөнүн артыкчылыктуу тармактарына чет элдик инвестицияларды тартуу маселелери талкууланды.
Равшанбек Сабиров Инвестициялар боюнча улуттук агенттик эл аралык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө, инвестицияларды тартууга жана өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга багытталган демилгелерди колдоого даяр экенин белгиледи.
Компаниянын өкүлдөрү биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү, заманбап технологияларды киргизүү жана Гонконгдун каржы институттары менен кызматташууну кеңейтүү боюнча сунуштарын билдиришти.
Тараптар өнөр жай, инфраструктура, кайра жаралуучу энергетика, логистика жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү тармактарындагы кызматташтыктын келечегине өзгөчө көңүл бурушту.
Жолугушуунун соңунда тараптар диалогду улантууга кызыкдар экенин билдирип, сунушталган демилгелерди биргелешип иштеп чыгуу боюнча макулдашышты.