www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда жарандарга пенсияны Социалдык фондго кайрылбастан автоматтык түрдө дайындоо мүмкүнчүлүгү каралууда.
Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылып, анда пенсияларды дайындоо жана төлөө тартибин өзгөртүү сунушталган.
Долбоорго ылайык, эгер маалыматтык системада жаран тууралуу бардык керектүү маалыматтар болсо, жаш курагы жана майыптыгы боюнча пенсиялар автоматтык түрдө дайындалышы мүмкүн.
Ошондой эле пенсионер убагында ала албай калган пенсиясын алуу үчүн кайрылган учурда, ага эсептелген каражаттын толук суммасын төлөп берүү сунушталууда.
Мындан тышкары, жарандарга 1996-жылдан берки каалаган мезгил үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн өз ыктыяры менен төлөп, камсыздандыруу стажын толуктоо мүмкүнчүлүгүн берүү каралган.
Мыйзам долбоорунда окуу жайларда билим алган мезгилди да белгилүү талаптар аткарылган шартта камсыздандыруу стажына кошуу сунушталууда.
Документ коомдук талкууга коюлуп, сунуш-пикирлер кабыл алынууда.