www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Контрабанда менен наркотрафик жоолун бууп салгандан майнап чыкпай жаткандай. Өмүрбек Суваналиев: «Мен Каттанимин, менден башка жогото албайт» -деп жулунуп келди эле, апрелдин аягы, май айында кыргыз тажик чырына жол берип анысы аз келгенсип, ушул чыр болор алдында эч кимден уруксат албай Тажикстанга кирип кетип дайыны жок жоголгон. «Тажик тыңчысы» деген наам алган экс-губернатор Жеңиш Разаковдон үлгү алганбы?
Бүгүнкү күндө Баткен облусун алаканга салып тейлеп турган парламенттин экс- депутаты Арзыбек Бурканов. Бул учурунда Баткенге губернатор болуп туруп наркотрафик менен контрабанда жолун бууп салганга «духу» жеткен эмес. Учурда Баткен облусу дебей эле Буркан облусу деп койсо болот. Арзыбек Буркановдун бир тууган агасы элүү жети жаштагы Имамназар Бурканов Баткен шаарынын мэри болуп советтик заманды эске салып бир добуштан мэр болгон. Ага каршы эч ким кошо талапкердигин койгонго даай алган жок. Шаардык Кеңештен Имамназар Бурканов 31 добуш алып үкасы Буркановдун деми менен Баткен шаарын сөөмөйү менен тегеретип турат. Анткени, Арзыбек Буркановдун дагы бир иниси Бурканов Нурланбек Орозматович Баткен шаардык ички иштер бөлүмүнүн начальниги. Ал эми дагы бир бир тууганы Бурканов Ачыл Орозматович Баткен облусунундагы милицияда үлкөн кызматта. Бир туугандарынан тышкары Арзыбек Буркановдун жакын достору Баткен облусунун май-талкан чыга турган жерлерин бүт ээлеп алган.
Баткен облусунун мурунку губернатору Жеңиш Разаков Беткен облусунун губернатору болуп турганда Кыргызстанга тиешелүү жерди Тажикстанга мыйзамсыз өткөрүп жибергени тууралуу видеорепортаж интернет булактарында бар. Анда айылдын тургундары Жеңиш Разаковду «шпион» деп, элди алдаган деп нааразы болушкан.
“Баткен эли баатыр эл, кылымдарды карыткан, бир карыш жер бербейт эле, Жеңиш Разаковго окшогон шылуундар элди куураткан. Алсак, Разаков Баткен облусуна губернатор болуп турганда, Көк-Таш айылынын төмөнкү участогу Тажикстан тарапка белгисиз, табышмактуу жагдайлар менен өтүп кеткен. Мындан сырткары “Ак-Чечек” участогунун 26 миң гектар жери дагы коңшу өлкөгө өткөнү белгилүү болду. Ал эми аймактагы жашоочулар дагы Тажикстанга “жерлерибиз өтүп кетеби же ушуну менен токтойбу? -деген күмөн ойлор түйшөлтөт.
Эң эле кырдаалдуу коркунучтуу аймак Баткен облусун акыркы мезгилде кесме жыттанган адамдар гана башкарып жүрүшүп, куйругун кескен кескелдирикке окшоп баратат. Кескелдириктерди таш менен уруп “кес куйругуңду” десе куйругун кесе качышат Баткен облус болгон соң биринчи губернаторлорунун бири Аскар Шадиев кескелдириктин накта өзүнө айланып, Тажикстанга «белекке» 104 гектар жерди берип жиберген. Лейлек районундагы Максат айылынын алдынан 35 гектар, Максат-Кулунду жолунун жанындагы жер тилкеси Тажикстанга өтүп кеткен. Ушундай эле жер тилкелери Арка айыл аймагында бар. Кыргыз өкмөтүнүн камырабастыгынан улам, соңку отуз жылда Баткендин Лейлек району анклав абалына кептелип баратат. Шадиевдин мындай эркелигин мыйзамдаштыруу үчүн өз ара жер участокторун бөлүштүрүү боюнча Тажикстан менен Кыргызстандын макулдашуусун ишке ашыруу үчүн 2005-жылы Бишкек өз кызыкчылыгын унутуп калат. Макулдашуунун чегинде Баткендин 104 гектар жер тилкеси Тажикстандын карамагына өтүп, анын ордуна кошуна мамлекет Кыргызстанга 5 гектар жер участогун берүү милдеттемесин алган.
Баткенге ким губернатор болуп барса да Тажикстанга конок болушуп, же бир ууч жерди аларга кармата коюп жүрүп, наркор ттррафик жолдору менен контрабандалык жолдорду ойлогон киши деле жок. Балким бул жолдор аларга “жакшы майнап” берип, капчыктарын калыңдатып жаткандыр? Ау, бул тууралуу дагы кимдер билет?
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg