www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Мыйзам так сакталбаса «бармак басты, көз кысты» болот дагы кайрадан былтыркы «таз кейпибизди» кийип отуруп калабыз», - деди бүгүн, 25-октябрда NazarNews маалымат агенттигине профессор Каныбек Осмоналиев.

- Каныбек агай, Талант Мамытов спикерлик кызматын тапшырбаганы үчүн БШК талапкер катары каттабай койду. Таза шайлоо өткөрүүгө аракеттер башталды десек болобу?                                                                                                                            

- ЖКнын учурдагы Төрагасынын БШК тарабынан депутаттыкка катталбай калышы жаңы Кыргызстандын тарыхында чоң окуя болду. Мыйзам боюнча бул эң туура. Эми башка бир акылга сыйбаган оюндар болуп эле кетпесе.

Мен бир нерсени байкап алып бушайман чегип турам. А башка депутаттарчы? Алар деле утурумдук кызмат абалдарынан четтеп турушса болоор беле. Кээ бирөөлөрү өз ыктыярлары менен биротоло эле мандаттарын тапшырып беришти го.

Мен аларды абдан сыйлап калдым. Айтмакчы, алар 6 жыл бою активдүү иштешкен депутаттар болуп чыгышты. ЖКда дагы эле баягы балык ооз, анан былгытмалары калышты! Мындан сырткары ЖК менен Президенттин админстрациясынын жооптуу кызматкерлери кантишти экен?

Ал эми Кабминдин кээ бир кызматкерлеричи, дипкорпус, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу кызматкерлери талапкер болуп алышсачы? Укук коргоо органдарынан, сот, прокуратура, УКМК кызматкерлери.

Спикердин сабагынан кийин БШК аягына чейин катуу туруп койсо экен. Ошондо чыныгы акыйкаттык орномок. Мен БШКга көптөн бери биринчи жолу ыраазы болуп отурам. Аларга Жараткан күч-кубат, катуу эрк берсин!

Таза шайлоо өткөрүүгө чыныгы аракеттер башталгандай! ЖКнын учурдагы Төрагасынын БШК тарадынан катталбай калышы жаңы Кыргызстандын тархында чоң окуя болду.

- Дагы бир аким шайлоого кийлигишкени үчүн кызматтан алынаары тууралуумаалыматтар айтылууда. Бул нерсе шайлоого кийлигишкен мамлекеттик кызматкерлердин баарына сабак болобу?

- Ошол акимди кызматынан эле алып тим болбостон, аны сот жообуна тартуу керек. Мыйзамдын талабы ошондой. Анын үстүнө Президент Садыр Жапаров дагы элдин көзүнчө так кесе айтпадыбы «Бир эле кызматтан бошотуп туруп калбастан, андайларды катуу жазага тартабыз!» - деп.

Болду тамаша бүттү, туугандар!  БШК менен укук коргоо органдары мындай чараларды өтө чечкиндүүлүк менен ишке аткарууга киришиштери абзел. Андай болбосо, «бармак басты, көз кысты» болот дагы кайрадан былтыркы «таз кейпибизди» кийип отуруп калабыз!

Анда эле карапайым калктын үмүтү өчүп чоң толкундоолор орун алып кетет. Кудай сактасын!

- Таза шайлоо үчүн мыйзам бузса кызматтан алуу, талапкер атары каттабай коюу негизги чараларданбы?

- Таза шайлоону камсыз кылган Конституциябыз менен атайын конституциялык мыйзамдарыбыз бар. Албетте, аларды ким болбосун, кандай кызматты ээлебесин буза турган болушса, аларды кызмат ордунан бошотуп, талапкер катары каттабай коюга толук мыйзамдык чаралар бар.

Андай катуу турбасак, таза шайлоо өткөрө албайбыз. 30 жылдан бери эле ошондой жолго түшүп алып маскара болуп келе жатабыз го? Болду эми жетишет да. Мыйзамды көздүн карегиндей сактап-кастарлаган калк бололу!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости