www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бирөөнүн мойнуна өзүнүн кемчиликтерин оодарбай, чогуу иштеп,бир жыйынтыкка келсек пайда көбүрөөк болот. Мындай пикирин экс-депутат Исхак Масалиев өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты. «Ар нерсенин чеги бар. Кыргыз-тажик чек арасы оңой чечилбеген чыр. Бирок президенттин бул маселеге Адахан Мадумаров тиешелүү экен, 2009-жылы ал киши 275 метр жердин тагдырын өзү чечип коюптур деген сөздөрү абдан өкүндүрөт.
Абдан да жаман аракеттер байкалууда. Мамлекеттик катчы эч качан чече албаган мындай нерсени. Ошол күндөрү эки тараптан эл жыйналып, согушка аз калганда, маселе чечилип, жол ачылып, элибиз тынч жашап кеткен.
Ал эми быйыл эле 36 жараныбыз каза тапты, согуш жок убакта 100 миңден ашык адам көчүрүлгөн. Бир киши жооп бердиби, күнөөлүү адам табылдыбы?
Менин пикирим - бирөөнүн мойнуна кемчиликтердин баарын оодарбай, чогуу иштеп, бир жыйынтыкка келсек пайдасы көбүрөөк болот эле. Кайрадан чукулай берсе, өзүнө кайтып келиши мүмүкүн...
Орустар айткандай – «на чужом горбу в рай не попадёшь...»
Өзгөчө президент өтө абайлап сүйлөсө болмок. Ар нерсенин чеги бар», - деп жазган Масалиев.
Булак: NazarNews.kg