www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Талант Мамытов жаңы мыйзамды түшүнбөй сотко кайрылам деп жатат», - деди бүгүн, 25-октябрда, NazarNews маалымат агенттигине БШКнын мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаева.
- Талант Мамытовду БШК каттабай койгону резонас болуп, көпчүлүктүн таң калуусун жаратууда. БШК мыйзамга таяндык деп аша чапкан жокпу?
- Талант Мамытовду каттабай койгонго шарт түзгөн мыйзам нормасы күчүнө киргенине бир жылга чукулдап калды. Ошол мыйзамга таянып, БШК Талант Мамытовду талапкер кылып каттаган жок. Аны түшүнбөй сотко кайрылам деп жатат. Мыйзамда баары жазылып турса, сот кандай чечим чыгармак эле?
- Ал спикерлик кызматты өткөрүп бербегени үчүн ушундай абалга кептелип жатабы?
- Эгер Талант Мамытов спикерлик кызматты өткөрүп бергенде, депутат болуп туруп, шайлоого аттана бермек. Спикерликти өткөрүп бербегени үчүн аны БШК каттабай койду.
- БШКнын ушундай аракеттеринен улам таза шайлоонун аракеттери башталды десек болобу?
- Менде да таза шайлоо өткөрүү сезими бар. Буюрса, таза шайлоо өтөт окшойт деген үмүт пайда болду.
Булак: NazarNews.kg