www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткенде президенттин атайын өкүлү дайындалат

Президент Садыр Жапаров 5-майда «Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндөгү» жарлыкка кол койду.

Ага ылайык, бул максатта премьер-министр төрагалык кылган мамлекеттик комиссия түзөлөт жана аталган облуста президенттин атайын өкүлү дайындалат.

«Комиссиянын чечимдеринин аткарылышын камсыз кылуу, мамлекеттик органдардын ишин координациялоо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүү жана жергиликтүү элге жардам көрсөтүү президенттин атайын өкүлүнүн негизги милдеттери болуп эсептелет деп белгиленсин», - деп жазылган жарлыкта.

Бул документке ылайык, өкмөткө, Улуттук банкка чек ара жаңжалынан жабыркаган аймакка, жарандарга ар тараптан жардам берүүнүн жол-жобосун, тартибин иштеп чыгуу, долбоорлорду, программаларды даярдоо тапшырылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости